Ош ОИИБинин 10-бөлүмүнүн кызматкерлери М.А аттуу 1995-жылы туулган Ош шаарынын тургунун эл аралык террордук уюмуна мүчө деген шек менен кармады. Бул туурасында бүгүн, 20-июлда ИИМдин басма сөз кызматы жарыялады.
"Аны кармоо маалында жашаган үйүнөн экстремисттик маанайдагы фото, аудиолор, баракчалар жана жардыруучу зат табылган. Шектүү буга чейин Сирия-Ирак аймактарында куралдуу чыр-чатактарга катышып,Сириядагы Ислам мамлекетинин лагеринен согуштук даярдыктан өткөн. Ал Кыргыз өлкөсүнүн түштүгүндө террордук акт уюштурууга камданып жүргөндүгү белгилүү болду", - деп айтылат маалыматта.