Linkin Park рок-группасынын солисти Честер Беннингтондун жансыз денеси Лос-Анжелестеги өз үйүнөн табылды

Популярдуу Linkin Park тобунун лидери, солист Честер Беннингтондун жансыз денеси 20-июлда Лос-Анжелес шаарындагы өз үйүнөн табылды. АКШнын маалымат булактары аны өзүнө өзү кол салган деп жазышууда. Linkin Park музыкалык тобунун Твиттердеги расмий баракчасына "Биз нес абалдабыз, бирок бул чындык. Официалдуу маалымат колубузга тиери менен жарыялайбыз" деп жазылган.

Акыркы маалыматтар боюнча Беннингтон узак убакыттан бери аракечтик жана баңгилик менен алпурушуп келген. Кайсы бир билдирүүлөрүнө караганда, ал кичине кезинде чоң адамдардын урушуп, мазактаганынан өмүрүн кыйгысы келгенин айткан. Ошондой эле музыкант көптөн бери депрессияда жүргөн деген маалыматтар бар.

Солист үй-бүлөлүү жана 2 аялынан 6 баласы болгон.

Маалымат үчүн: Честер Беннингтон 1976-жылы 20-мартта АКШнын Аризона штатында төрөлгөн. Ал Grey Daze жана Stone Temple Pilots музыкалык топтордун курамдарында да ырдаган. Анткен менен чыныгы популярдуулукка Linkin Park жана Dead by Sunrise топторунда солист катары эмгектенип жүргөндө жетти десек болот. Ошондой эле музыкант бир нече голливуддук тасмаларга да тартылган.

Linkin Park тобунун Честер аткарган эң атактуу чыгармалары - Numb, In the End, Crawling Faint жана башкалар.

Alternative Songs - альтернативдик роктордун рейтингин көрсөтүүчү чартындагы эң ийгиликтүү альбом катары Linkin Park'тын Meteora ырлар жыйнагын киргизүүгө болот. Ошондой эле Numb аталышындагы ыры ушул чарттын алкагында 2003-жылы жылдын ыры наамына татыган. Альбом АКШда 6 миллион тираж менен чыгарылып, баары сатылса, дүйнө боюнча 20 миллион тираж менен чыгып, кардарларга тараган. "Session" инструменталдык треги "Эң мыкты аспаптык ойноодогу рок-аткаруу" номинациясы менен "Грэмми" сыйлыгына номинант болгон. "Билборддун" 10 жылдыгындагы ТОП 200 тизмегинде Meteora альбому 200дүн ичинен 36-орунду алган.

Linkin Park - Numb
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан