Баткен районунда сууга түшүп жатып агып кеткен жаран изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 20-июль күнү саат 15:20 чамасында Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 270-чакырымындагы Төрт-Гүл суу сактагычына куйган каналга сууга түшүп жаткан 1965-жылы туулган эркек агып кеткен. Куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүшкөн, табылган эмес. Издөө иштери бүгүн, 21-июль күнү улантылат.