20-июль күнү Вьетнамда өтүп жаткан футзал боюнча клубдар арасындагы Азия чемпиондугунун 1-турунун алкагында Кыргыз өлкөсүнүн "EREM" курамасы Вьетнамдык "Тай Сон Нам" командасын 4:5 эсебинде жеңди.
Маалыматка ылайык, “EREM” командасынан Дилшат Кадыров, Улан Байгазы уулу бирден гол киргизген жана "хет-трик" менен команданын капитаны Максат Алимов айырмаланган.
Маалымдай кетсек, "EREM" командасы “А” тайпасына кирип Бириккен Араб Эмираттарынын “Аль-Дафра”, Австралиянын “Вик-Вайперс” жана Вьетнамдын “Тай Сон Нам” командалары менен ойнойт.
Бул жыйынтык менен "EREM" командасы 3 упайга ээ болуп, турнирдик таблицада 2-орунга көтөрүлдү.
Эми 22-июль күнү клубдар арасындагы Азия чемпиондугунун 2-турунун алкагында оштун "ERЕM" командасы БАЭнин “Аль-Дафра” командасы менен беттешет.