Бишкекте 60 жаштагы аялдын өлүмү боюнча сот уланды. Маркумдун уулу окуя болгонго чейин үй курууга акча топтошконун айтты

Бүгүн, 21-июлда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда 60 жаштагы Бурмаш Акматованын өлүмүнө айыпталгандардын иши боюнча сот отуруму уланды.

Отурумдун жүрүшүндө маркумдун уулу Мирлан Султанов суралды.

"Соттолуучулардын бири Майрамкүл Абдурасулованы көргөм. Ал биздин үйгө конок катары келип турчу. Ошол күнү ишке кеткем. Саат 12лерде агам чалды. Үйгө келсем милициялар жүрүптүр. Апам канга боёлуп жатыптыр. Негизи мага апамдын ишеними чоң эле. Биз көп убакыттан бери базарда соода-сатык менен иштеп жүргөнбүз. Кийинчерээк базардагы 3 контейнерди ижарага берип койгонбуз. Апам каза болордун алдында курулуш үчүн акча жыйнаган элек. Ал акчаны өз бөлмөсүндө шкафтын ичине сактачу. Кырсык болгондон кийин акча салынган пакет табылып акча жок болуп чыкты. Үйдүн ичи чачылган абалда эле", - деп билдирди Султанов.

Айта кетсек, окуя 22-февраль күнү түшкө чейинки убакта Бишкектеги Тыныстанов көчөсүндө болгон. Анда 60 жаштагы Бурмаш Акматованы белгисиз кишилер өз үйүндө өлтүрүп кетишкен. Аялдын жанында бир жашар ымыркай да болгон. Сөөктү алгач мектептен келген небереси көргөн. Ал эми март айынын башында кылмышка шектүү катары 1956-жылы туулган Майрамкүл Абдурасулова жана 1953-жылы туулган Нарын Токтошев кармалган.

Алдын ала маалымат боюнча, Майрамкүл Абдурасулова маркумдун курбусу болгон. Ал окуя болгон күнү анын үйүнө мурдагы күйөөсү Нарын Токтошев менен кошо келген. Кийин Токтошев маркумду башка атып, үйдөгү 15 миң долларды алып кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан