ЖЫЛНААМА, 21-ИЮЛЬ: Орус эстрада ырчысы Авраам Руссо 48 жашка толду

Орус эстрада ырчысы Авраам Руссо 48 жашка толду. Ал 1969-жылы 21-июлда Сириянын Алеппо шаарында төрөлгөн. Эң алгач эл алдына Түркиянын "Тиkи Воуs" ансамблинин коштоосунда ырдап чыккан. Кийин Англия, Испания, Франция, Швеция, Африка, Араб Эмираттарынын престиждүү клубдарында иштеген. Ырчылыкты кайрадан эң ылдыйкы тепкичтен баштоону ылайык көргөн Руссо 1997-жылы Тельман Исмаилов аттуу ишкерди ээрчип, Москвага келе берген. Алгач "Прага" ресторанында келишим менен иштей баштаган. Алгачкы орус тилиндеги ыры - "Далёко-далёко". Андан соң "Tonight" ыр жыйнагын чыгарган.

2005-жылы 8-сентябрда ырчы америкалык Морела аттуу кызга үйлөнгөн. Түгөйлөрдүн ортосунда Эмануэлла жана Аве Мария аттуу кыздары бар.

21-июлга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
altynka95
2017-07-21 15:41:47
Инвалид болуп коляскада отуруп калган ушул беле?
0
Nevestkaa
2017-07-21 16:31:09
Ошондо Сириялыкпы козу кок го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан