Түркиядагы жер титирөөдөн улам жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандарынын бар же жогу такталууда. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 21-июлда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Түркиянын Бодрум шаарында жүргөн Кыргыз жараны элдер менен чогуу түндө көчөдө түнөгөнүн, азыр да майда жер титирөөлөр болуп жатканын
SUPER.KG порталына
билдирди.
Айта кетсек, жер титирөө 20-июлдан 21-июлга караган түнү Түркиянын жергиликтүү сааты боюнча 01:31
чамасында болгон. АКШнын Геологиялык кызматы маалымдагандай, зилзаланын күчү 6,7 баллга жеткен. Жер титирөөнүн очогу Түркиянын Бодрум курорттук шаарынын түштүк-батышынын 10,3 чакырымынан Грециянын Кос аралынын 16,2 чакырым аралыгында жайгашкан.
Чет элдик маалымат каражаттары жер титирөөдөн улам 2 адам каза болуп, 100гө жакын адам жабыркаганын жазышты. Ошондой эле Эгей деңизинин жээгинде цунами пайда болгон. Ошол себептен тиешелүү кызматтар элди кумдуу жээктерден алыс жүрүүгө чакырууда.