ЖЫЛНААМА, 21-ИЮЛЬ: Орусиялык актриса, алпаруучу Нонна Гришаева 46 жашка толду

Орусиялык актриса, алпаруучу Нонна Гришаева 46 жашка толду. Ал 1971-жылы 21-июлда Одесса шаарында төрөлгөн. Алгачкы жолу 5 жашында "Дубалдагы сүрөттөр" ("Фотографии на стене") аттуу тасмага тартылган. 1994-жылы Борис Щукин атындагы жогорку театралдык окуу жайды аяктаган.

Нонна Гришаева "Коёндордон дагы тезирээк" ("Быстрее, чем кролики"), "Кепилдиги менен эркек" ("Мужчина с гарантией"), "Zолушка", "Мырзалар эмне жөнүндө сүйлөшөт?" ("О чём говорят мужчины"), "Сүйүү тамашасы" ("Ирония любви") жана башка тасмаларда, "Атасынын кыздары" ("Папины дочки"), "Үйдө ким кожоюн?" ("Кто в доме хозяин?"), "Менин керемет бала багуучум" ("Моя прекрасная няня") сыяктуу көптөгөн сериалдарда роль жараткан.
Биринчи жолдошу актёр, музыкант Антон Дёров менен 7 жыл чогуу жашап, Настя аттуу кыздуу болгон. Азыркы жолдошу актёр Александр Нестеров экөөнүн ортосунда Илья аттуу уулу бар.
21-июлга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан