UFC Валентина Шевченко-Аманда Нуньес реваншы качан болорун жарыялады

UFC уюму Валентина Шевченко менен Аманда Нуньестин реванштык беттеши качан болорун расмий жарыялады.

Маалыматка ылайык, мушкер айымдар 9-сентябрь күнү Канаданын Эдмонтон шаарында "UFC-215" турниринин алкагында беттеш өткөрүшөт.

Эскерте кетсек, Валентина Шевченко менен Аманда Нуньестин кармашы 8-июль күнү орун алмак. Бирок беттешке бир нече саат калганда Аманда Нуньестин ден соолугу начарлап ооруканага түшүп, натыйжада UFC уюму беттешти кийинкиге жылдырууга аргасыз болгон. Жеңил салмактагы UFC уюмунун чемпиону бразилиялык Аманда Нуньес, "UFC 213" алкагында Валентина Шевченко менен болгон беттешке эмне үчүн чыкпай калганын түшүндүрүп, ал синусит дартынан жабыркап калганын билдирген. Бул беттеште мушкер айымдар кыз-келиндер арасында жеңил салмак категориясы боюнча дүйнө чемпиондугу үчүн күрөшүшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Jieke8777
2017-07-21 15:17:48
Шевченко реваншта женет кыргыз эли сен мн
+4
expert.007
2017-07-21 15:39:46
Шевченко удачи тебе
+3
-Dybala-
2017-07-21 15:47:26
Жээнбеков кийинки президент!!!
-9
ZHYRGAl1412
2017-07-21 16:30:40
Шевченко перунун флагын которуп чыгат кыргыздыкын эмес
+2
anuvar0903
2017-07-21 18:01:19
ZHYRGAl1412,ошонун атынан чыгабы
-3
Tyty1990
2017-07-21 16:50:45
Күтөбүз
+1
ALMAAAN
2017-07-21 18:12:51
Валя соготко бунусунда
+1
Farm94
2017-07-21 18:59:46
Перу м.н Кыргызстандын желегин которуп чыкканго биринчи беттешинде бул беттеште деле которуп чыкса ерке.
+3
almanbetperm
2017-07-22 10:09:10
Айры чиркин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан