Ак-Суу районунда унаасы менен сууга агып кеткен айдоочуну издөө иштери токтотулду

Ак-Суу районунда унаасы менен сууга агып кеткен айдоочуну издөө иштери токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя үстүбүздөгү жылдын 11-июль күнү түнкү саат 00:30 чамасында Эңилчек-Эчкили-Таш унаа жолунда болгон. Анда Нива үлгүсүндөгү унаа Сары-Жаз суусуна кулап, 1983-жылы туулган айдоочу агып кеткен.

"Издөө иштерине 10 куткаруучу, туугандары, "Хан Теңири" ишканасынан 10 адам тартылган. Бирок натыйжа болбогондуктан туугандарынын уруксаты менен издөө иштери убактылуу токтотулду", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан