Жашы жете элек кыз менен Ысык-Көлгө кетип калган жигитке кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан SUPER.KG порталына билдиришти.
"19 жаштагы жигит 14 жаштагы кыз менен Ысык-Көлгө кетип калган. Кыздын ата-энеси Аламүдүн РИИБинин кызматкерлерине кайрылып, кызын таап берүүнү өтүнгөн. Кыздын изделип жатканын билген жигит Бишкекке алып келип таштап, качып кеткен. Азыркы тапта анын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 132-беренеси (он алты жашка толо элек адам менен жыныстык катнашта болуу жана сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттерди жасоо) боюнча кылмыш иши козголуп, издөө иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти Чүй ОИИББинен.
Ошондой эле Чүй ОИИББи алардын кандайча Ысык-Көлгө кетип калышканы такталып жатканын билдирди.