Ысык-Көлдө 2 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 29 жаштагы жаран сууга чөгүп кетиши мүмкүн деп изделүүдө

Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Талды-Суу айылынын 29 жаштагы тургуну 19-июлдан бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта белгилүү болгондой, ал Жети-Өгүз районуна караштуу Тамга айылындагы пансионаттардын биринде унаадан апасы менен чогуу түшүп, андан соң анын кайсы тарапка кеткени белгисиз боюнча калган. Кайрылып келген эмес. Ошол себептен анын сууга чөгүп кеткени же башка жакка кетип калганы белгисиз болуп, РИИБдин кызматкерлери суудан жана кургактан да издөөгө алган.

Кийин ӨКМ аны сууга чөгүп кетиши мүмкүн деген версия менен көлдөн издөө иштерин жүргүзө башташты. "Азырынча издөө жыйынтык бере элек, куткаруу кызматынын 4 куткаруучусу тартылды", - деп билдирет ӨКМдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dilbaranurdinova
2017-07-21 17:09:00
Аман эсен табылып калса экен
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан