Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда конвойго кол көтөргөн факты боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Кылмышка шектүүнү Ленин райондук соттун имаратына алып келген конвойдун сабалышы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 341-беренесинин (бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү) негизинде кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Эки тарапты беттештирүү аракети көрүлүп жатат. Дайындалган соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыгарылып, "денесинен жеңил жаракат алган" деп жыйынтык чыгарып берди", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Буга чейин 6-июль күнү Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда эки мектеп окуучусун сүзгөн айдоочунун иши боюнча биринчи соттук отурум өткөн. Анда кылмышка шектүү Мирлан Ажибековду конвой алып кетип бара жаткан учурда эки окуучунун жакындары ага кол көтөрүшүп, сабоого аракет кылышкан. Бирок аларды конвой токтотуп калган. Ошол учурда айрымдар конвойго да кол көтөрүшкөн.