Жаштар арасындагы Азия чемпиондугунун тандап алуу этабында Кыргыз футболчулары Оманга ири эсепте жеңилди

Бүгүн, 21-июлда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча жаштар арасындагы (U-23) Азия чемпиондугуна тандап алуу этабынын алкагында Кыргыз өлкөсүнүн курама командасы Оман курамасы менен беттешти.

Оюндун 1-таймында эки команда тең оюн көрсөттү. 1-таймдын кошумча мүнөтүндө Кыргыз курамасы сол канаттан чабуул жасап, атаандаштын дарбазасына топту узаткан. Анда Кыргыз курамасынын жарым коргоочусу Одилжон Абдрахманов атаандаштарынан бийик секирип, башы менен сокку жасап эсеп санын ачты.

61-мүнөттө Оман курамасынын чабуулчусу Мухсен Аль-Гасани топту дарбазачы Арстан Кудайбердиевдин үстүнөн ашырып эсеп санын теңей алды. Эсеп 1:1. Беттештин 81-мүнөтүндө Кыргыз жаш футболчулар ката кетирип Оман курамасына пенальти тепкенге жол берди. Аны Абдулла Аль-Акбари мыкты аткарып эсепти 2:1ге айлантты. 5 мүнөт өтпөй Мухсен Аль-Гасани менен Жамеель Аль-Яхмади бирден гол киргизип, эсепти 4:1 кылышты. Оюндун аягында Аль-Гасани жыйынтыктоочу гол киргизип эсепти 5:1 кылды.

Бул оюн менен "А" тайпасында Оман 3 упайга ээ болуп, 1-орунга көтөрүлдү. 2-орунда Иран курамасы жайгашкан. Эми 23-июлда саат 19:00дө Оман курамасы Иран менен беттешет .

Эске салсак, 19-июль күнү Кыргыз курамасы Иран менен беттешип 1:2 эсебинде жеңилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
R_u_S
2017-07-21 23:23:36
Биздагы
+2
Mitisboy
2017-07-21 23:38:28
Биздин футболчулар футбол ойнобой эле Улагын чапсынчы, Озу кыргыздан нормальный адам чыкбайт Чондордон баштап аксакалына чейин, Кыргызстан онукбойт го бул кетишде Юг Север кылып болуп Югду Бакиев келип башкарыш керек ошондо как кореядай онугобуз, сразу мага бан болсо керек Супер инфо, чындыкды айтайын десен ушинтип озунду жабышат.
-7
Farkhat070589
2017-07-22 00:18:34
Mitisboy,Ачуу чындык бул создорун
-10
Revolyutsiya2
2017-07-22 02:38:01
Mitisboy, алакандай Кыргызстанды башкара албай 2 болуп башкарыш керек деген кепти Бакиев акен сунуш кылдыбы сага?!! Кыргызстан менин башкаруу астымда болсо 10 жылда бюджетин 3-5 эселеп котруу колумдан келмек, сенин колундан келбей, олкону 2ге болобуз дейсин жаш баланын кебин суйлоп...
+6
Altysh_Boldush
2017-07-22 03:04:34
Mitisboy, Келерки президент! Адахан кимсанбаевич буйруса. Ошол инсан гана Кыргызстан алдыга карай которот!!!
-1
kychan.98
2017-07-22 10:38:32
Mitisboy,мен кошулам мисалы мен лохмун эчнерсе колуман келбейт
-1
arawan
2017-07-22 00:27:06
биздикилердин оюнун корсон кулкун келет го аларга караганда айылдагы балдар жакшы ойнойт бул чындык кашандар топко жетпейт тигилер ашып кетип жатат го
+8
Mitisboy
2017-07-22 00:49:48
Кыргызстандын бюджетин корсонор 5 жылда 3 миллиард кана кошулган а Таджикистан 5 жылда 8 Миллиард кошулган 2017 Таджикистандын бюджети 25 миллиард бизден 5 эсе кобойгон и аларда на душу населения болгондо Кыргызстандыкынан коп так что ушул жылда Самая бедная страна Кыргызстан болот Снг да ошончо кен менен 6 миллион адамды бага албаган уят эле кыргызга, Кыргызстандан чыгып башка гражданство алганды кочуп кетип жатышкандарынын статистикасын чыгарып коргозушбойт.
0
SansaNePredaiJohna
2017-07-22 00:55:56
красавчики. главное не победа , а участие
+6
Adilet2014
2017-07-22 02:33:05
Качанга чейин участие болуп журо беребиз
+2
Revolyutsiya2
2017-07-22 02:40:53
Мен айтып эле келемин, биздин футболисттер топ тепкенди билишпейт, качан караба уят кылышканы кылышкан. Ошондуктан футболду коюп пайдалуу иш кылышсынчы, намысы болсо футболду токтотсун!!! Бир утулат, эки утулат, уч утулат, ал эми дамамат утулгандан башы чыкпаган футболчуларга футболду жыйыштыргыла деп айтууга аргасызсын...
+2
bond
2017-07-22 05:33:24
Менин балам чоноюп жатат Аллах насип кылса футболист болот кичине кутуп тургула.
+7
Aman97kg
2017-07-22 06:49:55
Айтим булар женилет деп ойнобош керек еле адамды уятка калтырат
+3
acer7250
2017-07-22 08:42:28
Эгер женип алышканда мактамаксынар баарынар. Кыргыз футболчулары физикалык жактан бир кыйла алсыз экен. Женилген учурда колдоп койгула. Буларда биздин мекендештер да.
+1
cholpon119966
2017-07-22 08:54:38
Оздору ызаланып турганда ансайын жемелеп салдынар го. Кийинкисинде силер ойногула кыйраткыла! Жакшылап машыга беришсе алдыда бизге да ийгилик жылмайар...
0
Izdeim_seni.
2017-07-22 11:42:52
oto nachar oinoshty
+1
Abdullatif
2017-07-22 14:49:18
Чымыны бар балдарды чыныгы машыктыруучулар машыктырыш керек, ошондо онугуу болот. Азыр бизде тескери. Комускодо жургон кыйын ойногон балдар толтура азыр.
0
talas0707
2017-07-22 16:54:22
буйруса корорбуз Кыргызстан 5-0 Бразилия,
келечек алдыда буйруса!
0
Ulan2601
2017-07-23 16:14:32
Биз Кыргызбайларга футболду 1 эле тайм кылып коюш керек 2 таймда чарчап калат экен!! Футзал болот полясы кичинереек!! 8 мунотдо 5 гол уят эле озунун полясыда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан