Мындан 28 жыл мурун, 1989-жылдын 22-июлунда Бишкектеги "Эмен" сейил багында орун алган айкелдерге "Мамлекеттик скульптура музейи" деген макам ыйгарылган. Музей шаарда жыл сайын өткөрүлчү айкелчилердин эл аралык жана Бүткүл союздук сынактарынан жаралган эмгектерден топтолгон. Анткен менен музей ачык абада орун алгандыктан жана көзөмөл ишинин начардыгынан улам айрым айкелдер талкаланган.
Айта кетсек, ачык абадагы музей 1984-жылы Кыргыз ССРнин 60 жылдыгына карата уюшулган. Сейил бакта металлдан жана таштан жасалган жалпы 93 скульптура орнотулган.
22-июлга карата жылнаама.