ЖЫЛНААМА, 22-ИЮЛЬ: 6 жыл мурун Норвегияда 32 жаштагы жаран ок атуучу курал менен 69 адамды атып салган
Мындан 6 жыл мурун, 2011-жылы 22-июлда Норвегиянын борбору Осло шаарында жана Утёйа аралында террордук актылар жасалып, 77 адам каза тапкан. Аталган өлкөнүн Андерс Беринг Брейвик аттуу 32 жаштагы жараны террордук актыларды ишке ашырган деген шек менен кармалган.
Андерс Беринг Брейвик алгач Осло шаарында полиция кызматкеринин формасын кийип алып, ичинде жардыргыч зат салынган микроавтобусту жардырып жиберген. Ал жарылганда 8 киши каза болуп, 10догон адам жаракат алышкан. Андан соң Брейвик Утёйа аралына барып, ал жактагыларга ок чыгарган. Натыйжада 69 киши набыт болгон.
22-июлга карата жылнаама.