Ысык-Көлгө 19 жаштагы бала чөгүп кетти

Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы "Алтын Кум" пансионатында 19 жаштагы бала көлгө чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 21-июль күнү күндүз болгон. Издөө иштерине 3 куткаруучу тартылган. 19 жаштагы баланын жансыз денеси саат 19:20лар чамасында табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
grace
2017-07-22 16:34:01
Сүзө албасаңар көлгө алыстабай эле түшпөй эле койгулачы.
+8
nur...nur.
2017-07-22 16:44:59
Эмне эле болуп жатат озу, кундо кырсык ушундай тынчылык эле болсунчу этият болгулачы
+7
rios.07
2017-07-22 17:10:00
тарыхты барактасак 17-жылдар кандуу жыл болуп келген! ушул 17-жыл да кандуу жыл болду. ар бирибиз озубузго сак бололу.
+2
Ma9
2017-07-22 17:11:04
Сууга тушкондо тарамыш туйулуп калат экен ошондо этияат болуп жанында биро жарым болуш керек экен алыс кетпей жанынарда биро бар болсо анан сууга тушкулочу
+2
seni.gana
2017-07-22 18:18:27
Ma9,туура айтасын сууда коп журсо тарамыш туйулот екен менин башымдан откон досум екообуз кызыгып жээктен аябай еле алыска чейин сузуп барганбыз менде балон бар болчу сузгонду жакшы билбегендиктен..досум жакшы сузчу анан еле бутум туйуло баштады деп мен жака жакындап келип балонду кармап калды.
+4
nelya88
2017-07-22 18:29:36
Мен көлгө тушкондо жээктен бир топ алыс терен жагына бир барып келмейинче ыраазы болбойм. Ушундай жаман окуяларды укканда ошол адатымды ташташ керек деп бир ойлонуп калам. Кырсык каш кабактын ортосунда, дегендей оюнда жаман эч нерсе жок эле эс алганы баргандыр, байкуш бала.. Жаткан жери жайлуу болсун.Ата-энесине сабыр берсин.
+4
asanova1984aida
2017-07-22 19:35:10
Көлгө түшкөндө,плавкиге төйнөгүч сайып коюш керек,тарамыш түйүлгөндө ошол төйнөгүч менен сайып жиберсе жазылып кетет,анан дагы арак ичип алып көлгө түшпөш керек 80-90 пайызы адамдар мас абалында чөгүп өлүшөт
+4
Take_men
2017-07-23 22:55:37
Авария менен суудан кырылмай болдук, согушу жок эле. Олко боюнча жалпы тулоо откоруш керек деп ойлойм.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан