ЖЫЛНААМА, 23-ИЮЛЬ: "Кан соргучтун күндөлүгү" тасмасындагы Стефан 35 жашка толду

"Кан соргучтун күндөлүгү" тасмасындагы белгилүү америкалык актёр Пол Уэсли 35 жашка толду. Ал 1982-жылы 23-июлда АКШнын Нью-Жерси штатындагы Нью-Брансуик шаарында туулган. Ал кичинесинен спортко канчалык көп маани бербесин, баары бир театрды андан өйдө койгон. Актёрлукка болгон сүйүүсү 3-классынан эле башталган.

Ал карьерасы башталганда эле кубулма кишинин, периштенин образдарын аткарып баштаган. Бирок "Кан соргучтун күндөлүктөрү" тасмасындагы Стефандын ролу ага чыныгы атак-даңкты алып келген.

2011-жылы Торри Девито аттуу фотомодель менен баш кошкон. Бирок 2 жылдан соң экөө эки ажырым жолго түшүп, 2013-жылдан 2017-жылдын башына чейин Фиби Тонкин деген актриса менен кыз-жигиттик мамиледе болгон.

23-июлдун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан