20-июлдан тарта Таиланддын Бангкок шаарында грек-рим жана эркин күрөш боюнча өтүп жаткан мелдеште кыргыз балбаны Бекзат Алмаз уулу коло медалга татыды. Ал 42 килограмм салмакка чейинки өспүрүмдөр арасындагы эркин күрөш боюнча күч сынашкан. Ал эми Абдымалик Карачев жана Кадыржан Кыргызбаев деген спортчуларыбыз 3-орун үчүн таймашуудан утулуп, 5-орунга ээ болушкан.
Белгилей кетсек, мелдеш бүгүн, 23-июлда да улантылып, жети салмактагы спортчулар арасында байгелер ойнотулат.