СУПЕР ТВ. "Супер Хитке" кошулган клиби тууралуу Нурмат Садыров: "Киндиги көрүнгөн кыздарды клипке тарта бересизби дешти"

SUPER.KG порталынын "Супер ТВ" бөлүмүнүн жума ичинде популярдуу клиптер арасында жүргөн "Супер Хит" сынагы апта ичиндеги жыйынтыгын чыгарды. Съездбек Искеналиевдин "Күлүп жаша" аттуу ырына тартылган клип аз добуш алып жарыштан четтетилди.

Ал эми таланттуу ырчы Нурмат Садыровдун аткаруусундагы сүйүүнү даңктаган "Махабат ыры" аттуу чыгарманын клиби "Супер Хитке" кошулду. Ырчы клипте анын инисинин ролун аткарган бала чындыгында эле эжесинин уулу экенин айтты.

"Клипте кыздар бийлегенде киндиги көрүнүп калыптыр деген сындар болду. Эң башкысы кыздар музыканы сезип бийлешти. Күйөрмандарым үчүн ар түрдүү клип тарткым келет. Киндигин көрсөтүп клипке тарта бересизби дешкени үчүн кыргыз кыздарын улуттук кийим кийгизип бийлегенин клипке тарттым", - дейт Нурмат Садыров.

"Супер Хит" сынагынын башка катышуучуларын сюжеттен көрө аласыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
General.kg
2017-07-23 19:58:11
Тамчы тамчы
Качаан келет сүйүү жазы-деген ырды ким ырдайт эле айтып койгулачы админ.
0
Кызжибек Раимова
2017-07-23 20:15:05
General.kg,Алмаз Абдылдаев
0
Azahan
2017-07-23 22:02:38
General.kg,Башында Сыймык Бейшекеев ырдаган, а созун жазган Алмаз Абдылдаев кийин алмаз ОЗУ ырдаган
0
admin_superstan
2017-07-24 09:33:00
General.kg, саламатсызбы? бул жактан уксаңыз болот. https://www.super.kg/media/useraudio/103909/
0
General.kg
2017-07-23 23:18:20
Ырахмат сиздерге, сиздердин жардамыңыздао менен таап алдым.
0
admin_superstan
2017-07-25 11:08:15
Adiletto, кимдир бирөөнүн адамдык аброюна шек келтирүүгө тыюу салынган. Акыркы эскертүү, кайталанса Түбөлүк БАН!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан