ЖЫЛНААМА, 24-ИЮЛЬ: Америкалык ырчы жана актриса Женнифер Лопес 48 жашка толду

Теги пуэрто-рикалык болгон америкалык ырчы, актриса Женнифер Лопес 1969-жылы 24-июлда Нью-Йоркто туулган. Дүйнөгө атагы чыккан америкалык актрисанын балалык күндөрү бий менен байланышкан. 7 жашында бий өнөрүн мыкты өздөштүр­гөн Женни эки жылдан кийин чоң концерттерге катышып, апасын сүйүнткөн. Ырчылык карьерасын 1987-жылы баштап, бир канча музыкалык сынактардын жеңүүчүсү аталган. 2013-жылы Голливуддун Даңк аллеясындагы жылдыздардын бирине аты жазылган.

Лопес чыгармачылыктан сырткары бизнес менен да алектенет. Ал 2012-жылы ресторан ачса, 2015-жылдан тарта айымдарга арналган кийимдерди жана парфюмдарды чыгарып келет.

Актрисанын жеке жашоосу коомчулукка жана жалпыга маалымдоо кызматтарына кенен жайылган. Ал 1997-1998-жылдары ошол кезде Майамиде тейлөөчү болуп иштеген Охани Ноа менен үй-бүлө куруп, бирге жашаган. 1999-жылы америкалык рэпер Жон Комбс менен сүйүү мамилесинде болсо, 2001-2002-жылдары Крис Жадд аттуу бийчи менен никеге турган. 2002-жылы Бен Аффлек деген актёр менен мамиле куруп, 2004-жылы Марк Энтониге турмушка чыккан. 2008-жылы экөө Макс жана Эмми аттуу эгиз балдардын ата-энеси болушкан. Тилекке каршы, үй-бүлө очогу көпкө тутанбай 2014-жылы түгөйлөр ажырашып кетишкен. Андан соң Каспер Смарт жана рэпер Дрейк менен мамиле курган. 2017-жылдын март айынан тарта бейсболчу Алекс Родригес менен кыз-жигиттик мамиледе.

24-июлдун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Shekeev969798
2017-07-24 08:36:49
Ойоо канча жолу турмушка чыккан
0
Hadyja
2017-07-24 11:00:44
Ошону айтып элге жеткире албай журом.Аялдын сулуулугу уй-булоону сактоодо биринчи орунда эмес деп.Балким,биринчи орунда Ыйман турат.
0
kychan.98
2017-07-24 17:36:19
Кочугун жон эле карматыш учун бир канча доллар турат экенку
0
raykray
2017-07-25 04:03:56
Марк Антонини н вен ай дрим ыры аябай жагат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан