Айсулуу Тыныбекова Францияда өтө турган Дүйнө чемпиондугуна катышат

Франциянын Париж шаарында 21-26-август аралыгында өтө турган кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугуна Кыргыз өлкөсүнөн 12 спортчу катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргыз өлкөсүнүн курама командасы азыркы учурда Дүйнө чемпиондугуна ийгиликтүү даярдануу үчүн Ысык-Көлдө окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүп жатат.

Кыргыз өлкөсүнүн кыз-келиндер курама командасы:

48 килограммга чейинки салмак ченинде:

Ажар Замир кызы - спорт чебери;

Саяна Байызова - спорт чебери;

Айсалкын Кожомкул кызы - спорт чебери;

53 килограммга чейинки салмак ченинде:

Розалия Тилегенова - спорт чебери;

Мадина Надирова - спорт чебери;

55 килограммга чейинки салмак ченинде:

Назира Марсбек кызы - спорт чебери;

Бермет Нурланбек кызы - спорт чебери;

Даяна Жакып кызы - спорт чебери;

58 килограммга чейинки салмак ченинде:

Айсулуу Тыныбекова - эл аралык категориядагы спорт чебери;

60 килограммга чейинки салмак ченинде:

Айбике Артыкали кызы - спорт чебери;

69 килограммга чейинки салмак ченинде:

Мээрим Жуманазарова - спорт чебери;

75 килограммга чейинки салмак ченинде:

Айпери Медет кызы - спорт чебери;

Башкы машыктыруучу - Нурбек Изабеков.

Ага машыктыруучу - Байгазы Кенжебаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kechirmeni
2017-07-24 08:50:49
Айсулуу биз сенден копту кутобуз жана биз сени менен сыймыктанабыз. Ылайым бардык жакшы тилектерини Кудайым орундатсын!
+2
Alixan-Nookat.2015
2017-07-24 10:16:54
Баарына ийгилик каалайм!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан