Кыргыз жарандары Түркиянын Стамбул шаарында өткөн 29-континенттер арасындагы сууда сүзүп жарышууга катышты.
Маалыматка ылайык, Босфор кысыгынан өтүү боюнча жарышка жалпы эсеби менен 40 өлкөдөн келген 2 338 киши катышты. Анда эркектер арасында 35-39 жаш категориясында Кыргыз суучулдар Самат Будайчиев 41-болуп келди, Рустам Халиков 80-орунга ээ болду жана Жапар Усенов 148-орунда жыйынтыктады. 30-34 жаш категориясында Айбек Күрөңкеев 147-орунда келди. Келиндер арасындагы жарышта Майя Жумакеева 62-орунду ээледи.
1-орунду орусиялык Евгений Елисеев жеңди, кипрлик Догукан Улач күмүш медалын тагынды жана түркиялык Эрге Жан Гезмис коло медалына ээ болду.
Маалымдай кетсек, мелдеш 1989-жылдан бери өткөрүлүп келет. Анын өзгөчөлүгү Азия аймагынан Европага сүзүп өтүүсү болот. Аралыктын узундугу 6,5 чакырымды түзөт.