Бишкекте жеңил унаа жол тандабасты сүзүп, андан кийин жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн өтүп бара жаткан 16 жаштагы кызды коюп кетти. Окуя бүгүн, 24-июль күнү саат 8:15 чамасында Манас проспектисинде катталганын SUPER.KG'ге Бишкек шаардык Патрулдук милициянын басма сөз катчысы Таалай Бугубаев билдирди. Анын билдиришинче, кыз жол кырсыгынан жаракат алып 3-балдар ооруканасына жеткирилди.
"Кыз жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн өтүп бара жатканда Jeep Cherokee унаасынын айдоочусу кызды көрүп, өткөрүп жаткан. Бирок аны байкабай калган Honda үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Jeep Cherokee унаасын сүзүп, андан кийин кызды сүзүп кеткен. Кырсыктан кыздын ийини сынып, 3-балдар ооруканасына жеткирилди. Ал эми эки унаа айып жайына токтотулду. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат", - деди Бугубаев.