Кыргыз дзюдочулары Минскте өткөн эл аралык мелдеште 2 медаль жеңип алышты

Беларустун Минск шаарында 22-23-июль аралыгында өткөн дзюдо боюнча эл аралык мелдеште Кыргыз спортчулары 2 медалга ээ болушту. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты маалымдайт.

Маалыматка ылайык, Кыргыз дзюдочу Артур Те 66 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп, финалдык этапка чейин жеткен. Анда ал азербайжандык Нижат Шикхализада менен күрөшүп жеңилип калган. Жыйынтыгында Артур Те 2-орунду ээлеп, күмүш медаль тагынган.

Владимир Золоев 81 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып коло медаль үчүн күрөшкөнгө мүмкүнчүлүк алган. Коло үчүн мелдеште ал армениялык Андраник Чапарян менен кез келген. Кыргыз дзюдочу негизги убакыттын ичинде жеңишке жетип 3-орунду багындырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан