Америкалык суучул, 23 жолку Олимпиада чемпиону Майкл Фелпс 100 метрге болгон сууда сүзүп жарышууда ак акулага жеңилип калды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар маалымдайт.
Атактуу суучул акула менен болгон жарышта 100 метрди 38 секундда сүзүп өтсө, акула 36,10 секундда финишке жеткен. Жарыш Түштүк Африка өлкөсүнүн Кейптаун шаарында өттү. Мелдештин катышуучулары эки башка жарышышкан. Кийин көрүүчүлөрдү ишендирүү үчүн видеолору бириктирилген. Айта кетсек, жырткыч финиште турган азыктын артынан сүзгөн.
Эске салсак, Олимпиаданын 23 жолку чемпиону Майкл Фелпс 2016-жылы карьерасын жыйынтыктаган.