Өткөн жумада SUPER.KG порталы социалдык тармактарга бир позаны көп кайталап сүрөткө түшкөн ырчы айымдарга байкоо жүргүзсө, бүгүн кезек атактуу мырзаларга жетти.
Эркектер кыздардан айырмаланып сүрөткө түшөрдө көп кыймыл-аракет жасап, түрдүү позада образ жаратууну каалашпайт. Алардын өзгөчөлүгү колдорун өйдө көтөрүп же манжаларын түрдүү кылып өзгөртүп турганында.
Мисалы, ырчы Нурлан Насиптин социалдык тармактагы баракчасына баш баксаңыз, эки колун өйдө көтөрүп турган сүрөттөрүн көп кездештиресиз. Бул ырчы үчүн жөн гана адат болгону менен, психологдор адам бирөөдөн көз карандысыз болуп, өзүн эркин сезгенде гана колдорун бийик көтөрүп жүрөрүн айтышкан.
Ал эми белгилүү шоумен Бакыт Байсариев менен ырчы Аваз Акимовдун сүрөттөрүнүн ичинен баш бармагын көрсөтүп түшкөн фотолору басымдуулук кыларын байкоого болот. Бул тууралуу шоумен "Сүрөткө бармагымды көрсөтүп түшкөндү өзүм жактырам. Бул "жашоо керемет" деген белгини түшүндүрөт", - десе, Аваз Акимов сүрөткө бармагын көтөрүп түшөрүн өзү байкабаганын айтты.
Ырчы Данияр Эрматовдун жогорудагы жылдыздардан айырмаланып, баш бармактын ордуна сөөмөй менен ортонку манжаларын көрсөтүп түшкөн сүрөттөрү көп кездешет. Бул "V" деген латын тамгасын түшүндүрөт. Көптөр мындай белгини англис тилиндеги "Victory" - "жеңиш" деген сөздөн келип чыгып, "жеңилбес" дегенди билдирерин айтышат.
Ал эми Куралбек Чокоев, Дайыр Исмадияров жана Баястан эки колун кайчылаштырып көп сүрөткө түшүшөт. Бул боюнча Чокоев колдорун бириктирип турган өзүнө ыңгайлуу сезилерин айтса, Баястан сүрөткө түшөрдө кайсы ракурстан, кандай кыймыл-аракет менен түшсө жакшы чыгарын баамдап, анан түшөрүн билдирди.
Социалдык тармакка колун чөнтөккө салып түшкөн сүрөттөрүн көп жүктөгөн Ильяз Андаш бул поза ага эле эмес, көпчүлүк эркектерге ыңгайлуу экенин айтты.
"Байкасаңар, көп кыздар сүрөткө түшкөндө оң же сол капталынан сүрөткө тартууну өтүнүшөт. Ал эми эркектерде андай жок. Көп мырзаларга түз туруп, буттарын кенен жайып, колду чөнтөккө салып турган өтө ыңгайлуу. Меники деле ошондой. Мындан улам сүрөткө түшкөндө атайын кыймыл-аракет ойлобостон, кандай турсам ошол боюнча түшө берем", - деди ал.
Съездбек Искеналиевдин сүрөттөрүндө эки колу менен сырткы кийимин кармап түшкөн фотолору көп кездешет. Бул боюнча өзү төмөнкүдөй пикир калтырды.
"Чынында мен фотого көп деле басым жасабайм. Андыктан кандай позадагы сүрөттөрүм көп экенин билбейм. Болгону фотосессия учурунда фотографтын айтканы боюнча түшүп коюшум мүмкүн. Ал эми кийимимди кармап түшкөн сүрөттөрүмдү жакшы элестете албай жатам, менимче, бул өзүмө билинбеген адат болуп калса керек", - дейт ырчы.
Ал эми "Non-stop" дуэтинин солисти Максат Садырбеков башкалардан айырмаланып колу менен кыймыл-аракет жасабайт. Бирок анын баракчасын барактап түз эмес, капталынан түшкөн сүрөттөрдүн бир нечесин табууга болот.