"EREM" командасы футзал боюнча клубдар арасындагы Азия чемпиондугунда австралиялык "Вик-Вайперс" командасын 1:0 эсебинде жеңди

Бүгүн, 24-июль күнү Вьетнамда өтүп жаткан футзал боюнча клубдар арасындагы Азия чемпиондугунда Кыргыз өлкөсүнүн "EREM" курамасы австралиялык "Вик-Вайперс" командасын 1:0 эсебинде жеңди.

"EREM" курамасы мыкты чабуулдарды жасаса, "Вик-Вайперс" коргонууда жакшы оюн көргөздү. 1-таймдын акыркы мүнөттөрүндө "EREM" командасынын оюнчусу Максат Алимов сол канаттан чабуул жасап, атаандаштын дарбазачысын алаксыткан маалда Адилет Култаев дарбазага гол киргизип, командага жеңиш алып келди.

Бул жыйынтык менен "EREM" курама командасы 6 упайга ээ болду. Учурда "EREM" командасынын тайпалык баскычтан чыгууга мүмкүнчүлүгү бар. Жыйынтык “Тай Сон Нам” (Вьетнам) - “Аль-Дафра” (БАЭ) беттеши бүткөн соң билинет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
rios.07
2017-07-24 18:14:22
Керемет!
+1
kg.13
2017-07-24 18:22:49
EREM жакшы ойноду дагы 4,5 голу кирбей калды
+1
Edward.14
2017-07-24 19:18:26
Азаматтар!!!
+1
beishen93
2017-07-24 19:46:47
EREM командасы группадан чыкпай калды окшойт, Аль-Дафра Тай Сон Намды утуш керек болчу, бирок экоо суйлошуп алгандай ойношту. Мейли бирок биздикилер жакшы ойношту молодцы!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан