Таиланддын Бангкок шаарында 20-23-июль аралыгында өткөн күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда Кыргыз өлкөсүнүн курама командасы 1 алтын, 3 күмүш жана 7 коло медаль жеңип алышты. Анын ичинен грек-рим күрөш боюнча курама команда 1 алтын, 2 күмүш жана 4 коло медаль тагынышты, эркин күрөш боюнча курама командасы 3 коло медаль жеңсе, кыз-келиндер курама командасы 1 күмүш медаль алып келишти.
Маалымдай кетсек, грек-рим күрөш боюнча 50 килограммга чейинки салмак ченинде Нуртазин Каримберди уулу финалдык беттеште ирандык Милад Резинежад менен күч сынашып, акыркы секунддарда 2 упайга ээ болуп жаштар арасындагы Азия чемпиону болду.
Кыргыз өлкөсүнүн капчыгына күмүш медалдарды Баэль Сатиев, Нураида Анаркулова жана Мустафа Гасанов алып келишти. Ал эми коло медалдарды Талантбек Акылбеков, Асыл Тойчуев, Данияр Шеримбеков, Марлен Асыкеев, Бекзат Алмаз уулу, Каныбек Абдулхаиров жана Фарход Тешебаев алып келишти.
Жааттык эсепте, Кыргыз өлкөсүнүн грек-рим курама командасы 3-орунда, эркин күрөш боюнча курама команда 6-орунда жана кыз-келиндер курама командасы 9-орунда.