"EREM" командасы футзал боюнча клубдар арасындагы Азия чемпиондугунун чейрек финалына өтпөй калды

Вьетнамда өтүп жаткан футзал боюнча клубдар арасындагы Азия чемпиондугунда Кыргыз өлкөсүнүн "EREM" командасы чейрек финалга өтпөй калды.

Маалымдай кетсек, футзал боюнча клубдар арасындагы Азия чемпиондугунун 3-турунун алкагында өткөн “Тай Сон Нам” (Вьетнам) - “Аль-Дафра” (БАЭ) беттешинде вьетнамдык команда 2:0 эсебинде жеңишке жетти. Муну менен "А" тайпасында БАЭнин “Аль-Дафра”командасы 1-орунда, вьетнамдык “Тай Сон Нам” 2-орунда, 3-орунда Кыргыз "EREM" командасы жана 4-орунда австралиялык "Вик-Вайперс" жайгашты. Жыйынтыгында Кыргыз өлкөсүнүн "EREM" курама командасы футзал боюнча клубдар арасындагы Азия чемпиондугунун чейрек финалына өтпөй калды.

Эске салсак, буга чейин "EREM" командасы австралиялык "Вик-Вайперс" командасын 1:0 эсебинде жеңген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
beishen93
2017-07-24 20:40:57
Таза оюн болбой калды, ушул жерде да коррупция болуп кетти.
-1
zahid
2017-07-25 16:27:14
Туура айтасын!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан