Күбө: "Боом капчыгайында жеңил унаа кырсыкка учурап бир адам көз жумуп, экинчиси катуу жаракат алды"

Боом капчыгайында жеңил унаа кырсыкка учурап бир адам көз жумуп, бир адам катуу жаракат алгандыгын SUPER.KG`нин журналисти Автандил Добулбеков кабарлады.

"Биз кырсык болгон жерге келгенибизде саат 21:30 чамасы болчу, унаанын ичинде төрт адам бар экен. Бир адамды каза болду деп, үстүн сүлгү менен жаап коюшуптур. Экинчиси катуу жаракат алган окшойт, бүткүл денеси кан болуп жардам сурап жаткан, үчүнчүсү нес абалда жолдун жээгинде турду, төртүнчүсүнүн абалы жакшы эле экен. Жолдон өткөн башка унаадагы адамдар "Тез жардам" кызматын чакырышыптыр, биз кырсык болгон жерден чыгып жатканда өтүп кетти", - дейт Автандил Добулбеков.

Андан сырткары журналист окуянын күбөлөрү унаа катуу келип жолдун жээгиндеги дубалды сүзүп, кайра жолго чыгып кеткенин айтышканын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан