Италияда АКШнын президенти Дональд Трамптын кебетесиндеги бет кап кийген бир туугандар тоноочулукка шектелип кармалды. Бул туурасында чет өлкөлүк маалымат кызматтары кабарлайт.
"Окшош бет кап кийген 2 адам банкоматка жардыруучу зат орноштуруп, андан акча алууга аракеттенишкени видеокөзөмөлгө тартылып калган. Кийин окуяга шектүү катары Италиянын Пьемонт облусунун 26 жана 30 жаштагы тургундарын полиция камакка алган. Витторио жана Иван Лафоре аттуу ага-инилер аталган облус аймагынын дээрлик көпчүлүк банкоматтарын тоногон деп айтылууда. Соңку эки жолку аракетинде эле алар 100 миң еврону алып кетишкен. Ошондой эле алар кезектеги банкоматка жарылуучу затын орнотуп жатышканда полиция кызматкерлери тарабынан 24-июлда кармалышкан", - деп айтылат маалыматта.