Москвада 19 жаштагы Кыргыз жаранын сабаган деген шек менен 6 адам кармалды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, окуя 23-июлда түнкүсүн "Авиамоторная" метросунда болгон. Шектүүлөр мушташ орун алгандан кийин эле кармалышкан. Алардын көпчүлүгү 18-20 жаштагы студент балдар. Арасында жашы жете элек өспүрүм дагы бар экени айтылды.
Жабырлануучу баш сөөгүнөн жаракат алганы белгилүү болду. Ички иштер органдары окуя болгонун тастыктап, бирок толук маалымат беришкен эмес. Факты боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.