Ош шаарынын Кара-Суу районуна караштуу Нариман айыл аймагынын Жаңы-Кыштак айылында кечээ, 24-июлда 12 жаштагы К.Л. аттуу өспүрүм бала Ак-Буура суусуна агып кетип, жансыз денеси Өзбек чек арачылары тарабынан табылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
"Ал сууга чөмүлүп жатып, агып кеткен. Куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүшүп, табышкан эмес. Издөө иштери саат 19:30да убактылуу токтотулган. Саат 22:30 чамасында Өзбекстан Республикасынын Андижан облусуна караштуу Худжообад районунун аймагынан өспүрүмдүн жансыз денеси Өзбекстандын чек ара кызматкерлери тарабынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген", - дешти министрликтен.