ЖЫЛНААМА, 25-ИЮЛЬ: 49 жашка толгон Мерген Турган балдары бетине торт чаптап маанайын көтөрүшкөнүн айтты

Бүгүн белгилүү шоумен, пародист жана ырчы Мерген Турган 49 жашка толду. SUPER.KG порталы аны куттуктоо үчүн байланышканда, ырчы өз сезимдери менен бөлүштү.

“Быйыл 49 жашка чыгып, “40” деген санды узатып жатканыма бир аз капаланып турам. Ошентсе да жубайым менен балдарым маанайымды көтөрүүгө жакшы эле аракет кылышууда. Түнкү саат 12де башыма “туулган күнүң менен” деген жазуусу бар шапке кийгизишип, колума торт карматышты. Азыркылардын модасыбы же кандай билбейм, айтор тортту колума алар замат аны бетиме чаптап шаң тартуулашты. Ал эми туугандарым, жакындарым жана күйөрмандарым телефондон, социалдык тармактардан куттуктап, аябай сүйүнтүшүүдө. Бул күнгө өзгөчө даярдык көргөн жокмун, үйдө эле келинимдин колунан чай ичип өткөрөм го. Кечке жуук досторум куттуктап келип калышы мүмкүн”, - дейт ырчы.

Мерген Турган 1968-жылы 25-июлда Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Арашан жайлоосунда туулган. Ал ырчы катары “Ак бантик” ыры менен белгилүү болсо, пародия жаатында “Дыңкы жеңенин” образы менен атагы чыккан.

25-июлдун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Alin16
2017-07-25 13:58:02
Мерген байке, туулган кунунуз менен ! Биз сизди аябай жакшы коробуз уй булобуз менен. Узун омур ден соолук сизге!
+5
Almaz_kg
2017-07-25 22:12:52
ушул *** жөнүндө жазбай эле койгулачы
-4
jbolotov
2017-07-26 01:43:46
Ушул ырчы жаманбы жакшыбы биз кичинекейибизде эле ырдап журчу, эмгек синирген эл артисти деген наам беришип койсо болмок, бирок эмне деген мыйзамдуулук жок баш аламандыкта жашап атабыз, калаберсе акча бербей коррупциячылык кылбасан сыйлыкта жок экенда.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан