"Despacito" - жайдын мыкты хити тууралуу кызыктуу фактылар. Эмне үчүн аталган ырды Малайзияда угууга тыюу салынган?

Үстүбүздөгү жылдын 13-январында пуэрто-рикалык ырчылар Луис Фонси менен Дэдди Янкинин "Despacito" ыры чыгарылган. Учурда бул ыр дүйнө жүзүндөгү белгилүү музыкалык чарттарда алдынкы орунду ээлеп, буга чейинки популярдуу хиттердин рекорддорун жаңылап келе жатат. Ал Кыргыз өлкөсүндө да белгилүү болуп, жаштардын көпчүлүгүнүн "оорусуна" айланды. Андыктан испан тилиндеги "Despacito" ыры тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайбыз:

  • 17-апрелде ырдын ремикс версиясында америкалык ырчы Жастин Бибер да ырдап чыккан. Жаңы версиясы АКШнын атактуу Billboard Hot 100 жана Улуу Британиянын UK Singles Chart хит-параддарын багынткан, 1996-жылдан бери "Macarena" чыгармасынан кийинки алгачкы испан тилиндеги ыр болуп калды.

  • Бүгүнкү күндө ютубда 2,7 миллиард жолу көрүлдү. Эми ал бул сервистин эң популярдуу видеосу болушу мүмкүн. Учурдагы лидер америкалык рэпер Уиз Халифа жана Чарли Путтун "See You Again" ырынын клиби 2,9 миллиард жолу көрүлгөн. Эскерте кетсек, "See You Again" 2 жыл мурун чыкса, "Despacito" жарым жыл мурун гана чыккан.
  • "Despacito" испан тилинен "акырын" же "жай" деп которулат. Ырда аткаруучу ага жагып калган кыз менен кумарга батууну каалап жатканы тууралуу ырдалат. Бирок ыр көпчүлүккө мааниси менен эмес, бат жаттала турчу "despacito" сөзү менен сиңип кетти десек болчудай.

  • "Despacito" ырын бардык стриминг сервистеринде (Apple Music, Google Play, Deezer) 4,6 миллиард жолу угушкан. Бул көрсөткүч менен Жастин Бибердин "Sorry" ырын озуп кеткен.
  • "Despacito" ыры Пуэрто-Риконун туризмине да пайдасын тийгизгенин жергиликтүү Un Nuevo Dia басылмасы жазып чыккан. Клип Ла-Перла шаарында тартылып, ырдагы "Аны менен Пуэрото-Риконун кум жээгинде алектенебиз" деген сабы туристтерди кызыктыра алганы, чет өлкөлүк коноктордун саны 45 пайызга көбөйгөнү жазылган. Бирок журналисттик иликтөө жүргүзүлүп, туристтердин саны 5 пайызга гана көбөйгөнүн Чикагонун басылмасы жарыялаган.
  • Ырдын мазмуну үчүн Малайзиянын бийлиги ырды жана клибин мамлекеттик радиолордо жаңыруусуна жана телеканалдарда көрсөтүлүүсүнө тыюу салган. Өлкөнүн байланыш министрлигинин жетекчиси Салех Саид Керуактын айтымында, ырдын мазмунуна нааразы болгон жарандардан арыз түшкөн. Ошондой эле ал жеке радиостанцияларын да Малайзиянын маданий салттарын сыйлап, ырды эфирге чыгаруудан баш тартууну сунуштаган.

Ырга көптөгөн каверлер, ар кайсы тилдерде ырдалып, интернет айдыңына жарыяланып жатат. Айрым интернет колдонуучулар ырдан тажап кеткенин билдиришүүдө, ага карабастан анын популярдуулугу күндөн-күнгө артып жатат.

"Despacito" ыры 16 тилде
"Despacito" ыры татар тилинде
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Tyty1990
2017-07-25 15:46:19
Анжеликадан тажагандай эле тажадым
+6
Lion.
2017-07-25 18:32:44
Калп айтпасам PSYнун ыры ЮTубда эн коп копулгон болуш керек. Гангам стайл. 4,3 млярд жолу корулуптур
-3
Syn4y
2017-07-25 18:53:06
Lion., миллиард же млрд
болот. Аныкы 2.7 млрд эле
0
Adi.Avazbekov
2017-07-25 23:57:17
Syn4y,2.8 milliard
0
nur_zhoni
2017-07-25 21:38:57
Lion., калп айтын
0
Jangazy
2017-07-26 19:17:37
Despasito
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан