Ырчы жана актриса Асема Токтобекова 31 жашка толду. Учурда өздүк майрамына камынып, бошобой жаткан ырчы бүгүнкү күнгө койгон пландары менен бөлүшө кетти.
“Быйылкы туулган күнүмдү жылдагыдан башкача өткөрөт окшойм. Себеби жолдошум борбордогу тойканалардын бирине 100дөй адамды чакырып, эсте каларлык кече уюштуруп бермей болду. Азыр экөөбүз тең кечкиге камданып, эч эле бош убакыт таппай жатабыз. Маанайым жакшы, социалдык тармактан куттуктоолор биринин артынан бири келип кубантып жатат”, - дейт ал.
Асема Токтобекова 1986-жылы 25-июлда Бишкек шаарында төрөлгөн. 2008-жылы Кыргыз улуттук университетинин Эл аралык байланыштар бөлүмүн, кийин Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтун аяктаган. 2008-жылы “Боз салкын” тасмасындагы мыкты ролу үчүн Баку шаарында өткөн “Восток-Запад” эл аралык кинофестивалында “Эң назик образ” байгесине ээ болгон.
25-июлдун жылнаамасы.