29-июлда Бишкек шаарында X "Музыкалык эркиндик" иш-чарасы орун алат. Бул күнү Эркиндик бульвары Бөкөнбаев көчөсүнөн Эмен багына чейин музыкалык галереяга айланат. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары бүгүн, 25-июлда кабарлашты.
"Бульварда көчө музыканттары ар кандай жанрларда, классикадан баштап джаз жана этно музыкаларын аткарышат. Музыка сүйүүчүлөрүн саат 18:00дөн 21:00гө чейин күтөбүз. Иш-чаранын алкагында шаардыктар ата мекендик сүрөтчүлөрдүн эмгектери менен таанышып, дүйнөлүк искусство тууралуу көптөгөн маалымат алчу оюнга катыша алышат", - дешет уюштуруучулар.
Иш-чара шаар тургундарына жана конокторуна позитивдүү эмоцияларды, кубаныч тартуулоо үчүн өткөрүлөрүн кошумчалашкан алар.