Чүйдө массалык мушташ чыгып, атылган октон бир адам жабыркады

Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун Степное айылында массалык мушташта ок атылып, бир адам жабыркады. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Чүй ОИИББинин басма сөз катчысы Нурбек Токтосунов билдирди.

Анын айтуусуна караганда, окуя 23-июлдан 24-июлга караган түнү болгон.

"24-июлда саат 01:35тер чамасында Степное айылында чыр-чатак чыгып ок атылды деген маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу жөнөп, Степное айылынан чыгып келе жаткан 3 унааны токтотушат. Унаалардын ичинде Алексеевка айылынын 28 тургуну бар болгон. Алардын жанынан 1 ок атуучу мергенчилик курал табылган. Көрсө, окуя мындай болгон экен, 22-июлда Степное айылындагы тойдо алексеевкалык балдардын бири жергиликтүүлөрдөн алкоголдук ичимдик сураганда аны кагып коюшкан. Ага нааразы болгондор эртеси өз айылынын балдарын топтоп барышкан. Жыйынтыгында массалык мушташ чыгып, бир жаран октон жаракат алып жатат", - дейт Нурбек Токтосунов.

Жабыркаган жарандын жаракаты жеңил болгондуктан учурда үйүндө дарыланып жатканы белгилүү болду.

Андан сырткары кармалгандардын көпчүлүгү коё берилип, убактылуу кармоочу жайда 2 адам кармалып турганын, учурда териштирүү иштери жүрүп жатканын кабарлады басма сөз катчысы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
grace
2017-07-25 18:40:28
Оштогу Жапалак айылы окшош арактан баш тарткылачы, арак үчүн бири-бириңди атпай.
+1
kychan.98
2017-07-25 22:54:14
Кайсы эле жерде чыр чатат ушул арактын айынан акмак экенсинер
+1
jbolotov
2017-07-26 02:08:48
Кыргыз эли жана кызматта тургандар ойлонсок болот эле, биз убагында улуу эл болуп Манас атабыз азбы копбу Кытайдын борбору Бейжинди басып алып бийлик жургузгонго чейин жеткенбиз. Эми кулагы кесик кулдай намысыбыз жок болуп ата бабаларыбызды кырып, жерлерибизди тартып алып оз аттарын койгон орустардын аттарын эмне учун кыргызчага которуп суйлобой журобуз? Алексеевка, Ново-покровка, Степное деги толтураго? Ушул орусча аттарды койууда орус аскерлери кыргыздарды пулемет замбиректер менен кырганын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан