Сокулук районунун Белек айылында 22-июль күнү эр эңиш боюнча федерация президентинин кубогуна турнир өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери дене тарбия жана спорт агенттиги маалымдайт.
Маалыматка ылайык, мелдешке Кыргыз өлкөсүнүн 7 облусунан 40 спортчу катышып 5 салмак ченинде күч сынашты. Мелдештин жалпы байге фонду 225 миң сомду түздү: 1-орунга - 20 миң сом, 2-орунга - 15 миң сом, 3-орунга - 10 миң сом.
Мелдештин жыйынтыгы:
60 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун: Жекшен Турдубеков, Нарын облусу;
2-орун: Балбай Айдарбек уулу, Ош облусу;
3-орун: Урмат Шаршанбек уулу, Жалал-Абад облусу.
70 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун: Калыбек Бузурманкул уулу, Чүй облусу;
2-орун: Айбек Уметов Баткен облусу;
3-орун: Эламан Курманбек уулу Нарын облусу.
80 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун: Ислам Бердибек уулу, Нарын облусу;
2-орун: Амантур Минур уулу, Талас облусу;
3-орун: Алиман Адибаев, Талас облусу.
90 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун: Маратбек Алтымышев, Талас облусу;
2-орун: Бердибек Марис уулу, Чүй облусу;
3-орун: Байыш Жумабеков, Ош облусу.
90 килограммдан жогору салмак ченинде:
1-орун: Кумушбек Кыдыралиев, Талас облусу;
2-орун: Эсенбек Мамбетов, Бишкек шаары;
3-орун: Бахтияр Бирдебаев Баткен облусу.