Кеминде талаадагы 2 гектар куураган чөп күйүп кетти

Чүй облусуна караштуу Кемин районунда талаада 2 гектар аянттагы куураган чөп күйүп кетти. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова билдирди.

Анын айтымында, Кемин районунун Кашкелең айылында талаадагы чөптүн өрттөнгөнү тууралуу саат 15:00дөр чамасында билдирүү түшкөн. Кийин саат 16:00дөр чамасында толук өчүрүлгөн.

Ошондой эле ал учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталып жатканын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Tyty1990
2017-07-26 01:12:40
Дагы деле күйүп жатат. Мен жана келдим ошол жактан. 25.07.2017 саат түнкү 11:35
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан