ИИМ: "Бишкекте Кытай ресторанын карактап, “Альфа-Секьюрити” ишканасынан курал уурдоону уюштурган адам кармалды"

Тергөөнүн жүрүшүндө Э. уулу У. 27-апрель күнү Ж.Б. жана А.Ж. аттуу жарандар менен бирге “Альфа-Секьюрити” ишканасына киришип, ири көлөмдөгү ок атуучу курал уурдап кетишкени белгилүү болгон.

Андан сырткары ошол эле кылмыштуу топ 5-май күнү лифт оңдогон ишканага киришип, 285 миң сом, 30-май күнү Карасаев көчөсүндөгү дагы бир ишканадан 396 миң сом уурдап кетишкен.

Атайын жүргүзүлгөн операциялардын негизинде кылмышка шектүү катары 1989-жылы туулган М.Э., 1984-жылы туулган А.Ж. жана 1989-жылы туулган С.Б. кармалган. Ошондой эле 19-июнь күнү Аламүдүн районунун Бектоо тилкесинде “Альфа-Секьюрити” ишканасынан уурдалган куралдар табылган.

Тергөөнүн жүрүшүндө жогорудагы кылмыштардын уюштуруучусу 1986-жылы туулган Жылдызбек Бекмурзаев экени аныкталып, издөөгө алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан