Ырчы Асемага жолдошу туулган күндүк кече уюштуруп берди (фоторепортаж)

Кечээ, 25-июлда ырчы, актриса Асема Токтобекова 31 жашка толуп, 100гө жакын адамдын курчоосунда өздүк майрамын белгиледи. Туулган күндүк кечени ырчыга жолдошу белек катары уюштуруп берген. Ага актрисанын чыгармачылыктагы достору, туугандары келип, кызыктуу оюндар, ыр номерлери көрсөтүлдү.

Кечеде ырчы Султан Садыралиев "Эгиз жүрөк" чыгармасын аткарып, ага Асема менен жолдошу вальс бийлешти. Ал эми Съездбек Искеналиев аз убакыттын ичинде хитке айланган "Мына минтип" ырын аткарып, коноктор, кеченин күнөөкөрү менен бирге кызыктуу, позитивдүү бий тартуулашты.

"Бул кечени уюштуруп берген өмүрлүк жарым Акжолго ыраазымын. Маанайым сонун. Өздүк майрамыма Ош, Баткенден келген кайын журтум, өзүмдүн ата-энем, таяке, таежелерим келишти. Былтыр 30 жашымды белгилей албай калдым эле, мына минтип быйыл өткөрүп жатам", - деди Асема Токтобекова.

Кечеде үстүнө "30+1 жыл тажрыйба" деп жазылган, роза гүлдөрү менен кооздолгон дубалча элдердин көңүлүн буруп, ал жерге баары сүрөткө түшүп жатты.

Айчүрөк Иманалиева кеченин конокторун бийге чакырды
Сьездбек Искеналиев Асемага оригиналдуу ыр номерин тартуулады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (30)
Pandora
2017-07-26 03:32:27
Не кереги бар ушинтип туулган тосуп? Башкаларга билбедим мага ото кызыксыз....Шоу бизнес адамы болсо жле не болуптур туулган кунду да той менен тен белгилеп ашыкча эле чыгым
+4
Gukush8993
2017-07-26 06:45:57
Pandora,сен озун каалагандай откоз
+3
Pandora
2017-07-26 12:28:17
Gukush8993,оа,кудайга шугур мен озум каалагандай откором эч кандай чыгымы жок.Ар ким келип жеп ичип кеткенче башкага коротом пайдалуу жана баарына кооп кыщматган нерсеге.
0
BarsBaatyr
2017-07-26 05:18:01
Кокуй бул менин ырым болчу деп талашып жургон Махабат колун жандуу ырдап койсо болмок экен Айчурок эже.Кыргыздын примадоннасы фонограмма менен (жонокой эле туулган кундо дагы) ырдап жатканы уят.
-3
bekbolot.kg
2017-07-26 07:52:03
Исрапкерчиликтин эмне кереги бар.
+3
Anucha
2017-07-26 14:26:10
bekbolot.kg,Ысырапкерчиликтин
+1
Nazi_92
2017-07-26 07:59:41
Анжелика корунбойтко))))
+6
ilgizk
2017-07-26 08:17:21
Асеманын күйөөсү кыргыз эмесби?
0
BakytAliev
2017-07-26 12:56:08
ilgizk, omka100514, куйоосу кып кыргыз Баткен шаарынан болот менин кошунам ата энеси мугалим болуп иштейт. Бир суротто апасы отурат ко атасы барган эмес окшойт
+2
saza20
2017-07-26 09:39:45
Асемага уй-булоолук бакыт!!! Омурлук жолдошуна Аллахым ден-соолук, ийгилик, Асемага болгон суйуусун аябасын!
+2
saza20
2017-07-26 09:41:54
урматтуу сулуу айым Асема! ыр жаатында эмес, кино жаатында кобуроок бизге корунчу бул жеке менин эмес бутундой элинин суранычы болсо керек!
+2
omka100514
2017-07-26 11:12:38
Куйоосун кыргыз эмес дейин десем аты Акжол экен, озбектин итирейип чачын остуруп алган балдарына окшош экенго. Акчанын кучуда, болбосо Асема карабаса дагы керек эле. Турмушка чыгып карьерасын жакшы баштадыго ыр жазып, клип тартып
+1
BubleGum
2017-07-26 12:23:11
omka100514, УУУууффф! Мынча сккучныйсынар! Ал жигиттин кандай патриот экенин билгенинердеби! Вооще сырткы кебетеге карап тон бычканды койгулачы ай! Кебетеси эмне болуптур?! Болгону бир аз арык.
+2
omka100514
2017-07-26 12:26:30
BubleGum, ииий жаман болдунго жантартып, мен сага жаздымбы коментарийди. Сен жанылыкты окуп озунун калоону жазып эле чыгып кет, мага жооп жазбай эле
-3
aisu12345
2017-07-26 11:49:27
Исраф
0
Lekarstvosvoegomuja
2017-07-26 11:58:33
Султан журот го. Супер инфо сураныч интервью алынызчы Султандан
+1
admin_superstan
2017-07-26 12:24:39
Lekarstvosvoegomuja, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, эске алабыз.
+1
raykray
2017-07-26 12:40:21
Туулган кунун кут болсун, соонун тосупсунар.Уй булолук бакыт каалайм катуу тарынышып жургон. Акжол Баткенден Кыргыз эле
+2
CEO
2017-07-26 14:00:04
Бул ырчыларга мактоо, пиар, реклама аба менен суудай керек го чиркин.... Аларга эч ким конул болбой, ал-ахыбалын сурабай койсо, мактабай койсо баштары ооруп калат го чиркин...

Айткылачы ырчылар, эмнеге силерге мактоо, пиар ушунчалык керек?!! Рыспай абабыздай жонокой болуу эмнеге колунардан келбейт?!!
+2
Nanei
2017-07-26 16:22:00
Asema takur ele jakpait. birok 31jashu menen kyttytaim. kop jasha
+1
mishonia8077
2017-07-27 00:40:21
О,айчүрөктү чакырыптыр го...
0
nazira...
2017-07-27 10:08:34
ушу кыз да ар нерсе болуп атат, ун деген жок, бирок кинодо жакшы аткарат. Певица болбой эле актриса эле болуп журчу синдим. Сен ырдап атканда мен быякта кыйналып кетем,бир жакшына ырды бузуп коесун, анан кайран акча клиптерине. Кинодо эле журо берчи, катуу тийсе кечирип кой. баткендик бала болсо акчасын чачпай баткенине кичине болсо да жардам корсотуп койбойбу, ссоп болот эле го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан