Австралияда кылмышкер 6 жыл зоопаркта жашырынып жашап, жаныбарлар менен азыктанган

Малкольм Наден аттуу австралиялык жашоочу адам өлтүрүп, зоопаркка качып барып, ал жердеги жаныбарлардын тамагын уурдап жеп 6 жыл жашаган. Бул окуя тууралуу кылмышкерди кармоого катышкан адам кечээ, 25-июлда айтып бергендигин чет элдик басылмалар жазууда.

Маалыматта айтылгандай, Малкольм Наден Австралиянын Даббо шаарындагы мал союучу жайда иштеген. Ал 2005-жылы өзүнүн 24 жаштагы аталаш тууганын өлтүрүп, андан жарым жыл өтпөй тууганынын кош бойлуу сүйлөшкөн кызын өлтүрүп кеткен. Андан кийин полициядан жашырынуу үчүн жашоосун зоопаркта улантып, кериктердин капасында уктап зоопарктагы жаныбарларга берилген азыктар менен тамактанып жүргөн. Зоопарктын айланасында анын кызматкеринин үйү жайгашкан. Наден анын үйүнөн да тамак-аш уурдап, ал тургай үйдө кожоюну жок кезде жуунуп да жүргөн.

"Аны зоопарктагы кызматкер аялдын бири байкап калып суроо бергенде, үйдүн кожоюну досу болорун, досунун үйүндө конокто жүрөрүн айткан. Муну уккан үйдүн кожойкеси полицияга кабар берип, полиция аны издөөгө алган. Полициянын издеп жатканынан чочулаган Наден мурдагыдай тамак издеп чыга албай, зоопарктагы ташбакалардын башын алып салып, калган денесин жеп жүргөн. 2011-жылы ал полициянын бирин жарадар кылып зоопарктан качып кеткен. Полициянын анын артынан түшүп издөөсү менен 2012-жылы кармалып, өмүр бою эркинен ажыратылган", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
adilet_3234
2017-07-26 09:53:48
ушуну кно тартса болот Голивуд
+5
Gena1
2017-07-26 10:19:30
Во кожом ай, ушундай да болобу...
-1
Syn4y
2017-07-26 10:35:02
nege 5 jyldan kiyin jazyp atywat
+2
Lekarstvosvoegomuja
2017-07-26 11:44:36
Ташбаканы кантеп жеген оооыэф
0
ayjan_90
2017-07-26 12:42:17
Киного озунчо эле тусу да башкача болуп кетиптир
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан