Бишкектеги Патрис Лумумба көчөсүндө жол кырсыгы катталып, унаа тыгыны пайда болду. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда окуянын күбөсү SUPER.KG порталына билдирди.
Күбөнүн айтымында, жол кырсыгы кечээ, 25-июль күнү саат 16:00 чамасында болгон. Анда №38-каттамдагы автобус менен Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн.
"Кырсыкка кабылган эки унаа тең жол ортосунда туруп калгандыктан Бишкек-Кара-Балта унаа жолунда 2 чакырымга жеткен жол тыгыны пайда болду. Айдоочулар өз ара келише албай, жол кыймылын көзөмөлдөөчү инспекторлорду чакырышкан. Кырсыктан адам өмүрүнө зыян келген жок", - дейт күбө.