Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Карача жайытында 50 гектар куураган чөп күйүп кетти. Мындай маалыматты бүгүн, 26-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Карача жайытында 50 гектар куураган чөп күйгөн. Тилсиз жоону чектөөгө өрт өчүрүүчүлөрдүн өздүк курамынан 25 киши, айыл тургундарынан 30 киши катышкан. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.