Ысык-Көлдө "белгисиз адамдар уурдоого аракет кылышты" деген 24 жаштагы польшалык кыз арызын кайтарып алды. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИБинен билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 23-июль күнү саат 07:00 чамасында Ысык-Көл районундагы Сары-Ой айылынын аймагында болгон.
"24 жаштагы Польша жараны Агнешка Квечендин (сүрөттөгү кыз) айтымында, 23-июль күнү эртең менен "Кайнар" булагынан чыгып, жумушка бармак. Жолдо белгисиз унаа токтоп, ичиндеги эки бала аны белгиленген жерге чейин жеткирип коюшарын айткан. Бирок ал макул болгон эмес. Ошол учурда алар күчтөп унаага салуу аракетин көрүшкөн. Белгисиз адамдардан араң кутулган чет элдик кыз жолдо келе жаткан башка унааны тосуп, жумушка чейин жеткирип коюшун өтүнгөн. Жолдо баратканда унаанын ичиндегилер тарабынан да коркутууга дуушар болгон", - деп билдиришти Ысык-Көл ОИИБинен.
Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы унаанын ичиндегилердин өздүгү такталганын жана аталган факт боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканын билдиришти.
"Кечээ, 25-июль күнү "24 жаштагы польшалык кызды уурдоого аракет кылды" деп шектелгендердин аты-жөнү такталып, тергөө бөлүмүнө жеткирилген. Алар чет элдик жаранды уурдоого аракет кылуу, коркутуу фактысы болбогонун жана тил билбегендиктен ортодо түшүнбөстүктөр келип чыкканын айтышууда. Бүгүн эртең менен Польша жараны Агнешка Квечень милицияга жазган арызын кайтарып алып, эч кандай доосу жок экенин айтты", - дейт Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов.