Биз социалдык тармакта

Бишкекте айдоочу жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктө бара жаткан кызды сүзүп, ал каза болду

Бишкектеги Аалы Токомбаев көчөсүндө жол кырсыгы катталып, жөө жүргүнчү каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда SUPER.KG порталына Бишкек ШИИБинин Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Аалы Токомбаев көчөсүндө Форд Транзит үлгүсүндөгү унаа жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти. Окуя 25-июль күнү түнкү саат 23:45тер чамасында орун алган. Унааны башкарып бараткан 1985-жылы туулган К.В аттуу айдоочу чыгыштан батыш тарапты көздөй бара жатып, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тилкеден 1987-жылы туулган Бурул Тыналиева аттуу кызды сүзүп кеткен. Кырсыкка кабылган кыз окуя болгон жерден каза болгон. Айдоочу текшерүүгө алынып, анын спирт ичимдигин ичпегени аныкталган", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, кырсыкка шектелген айдоочунун унаасы айып аянтына жеткирилген. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
asdef
2017-07-26 11:14:45
дагыбы
0
Santex1991
2017-07-26 11:21:46
Кырылып кала турган болдукко кундо кирип окуусан эч жок дегенде алтыдан адам олду деп турат жанылыкта
0
yasin11
2017-07-26 11:23:26
Эмне эле болуп жатат
0
Komrad
2017-07-26 13:34:59
Эмне болуп жатат? Бишкектин жолдору кууш, парковка жок. Жолдун бою машина,
анан бираз бош жол коруп калса кууп
айдап калмай. Туш келди уйлор курулган. Машина коп, права сатылып алынган.
0
ZHYRGAl1412
2017-07-26 14:29:41
2017жыл кыргыздар учун ото ооор жыл болду олум коп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан