Бүгүн, 26-июлда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Райкан Төлөгөновдун иши боюнча соттук отурум уланды. Соттук отурумдун жүрүшүндө күбө катары камактагы Абдулла Юсупов көрсөтмө берди.
“Мен Бакиевдер жана балдары менен мамилем жакшы болчу. Алардын кеңселеринин даректерин да так билчүмүн. Биз 7-апрель күнү кечинде Бакивдердин мүлктөрүн эмес, алардын туугандарын качырбай кармап калабыз деген ойдо Жаныш Бакиевдин үйүнө жана анын балдарынын кеңселерине барганбыз. Бирок алар качып кетүүгө үлгүрүшкөн экен. Кийин бизге, элдик кошуунга Төлөгөнов тарабынан Бакиевдердин мүлктөрүн мамлекетке өткөрүү тапшырмасы болгон. Биз бардык мүлктөрдү, документтерди атайын унааларга жүктөп жиберип турганбыз. Бирок биздин колубуз менен мародёрчулук болуп жатканын билген эмеспиз”, - деди Юсупов.
Эске салсак, Төлөгөновго Кылмыш-жаза кодексинин 167 (тоноо) жана 241 (ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) беренелери боюнча айып тагылган. Райкан Төлөгөнов 28-март күнү 2010-жылдагы мародёрчулук боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалган.