Кыргыз курама командасы Чехияда өтө турган кайык менен сүзүү боюнча Дүйнө чемпиондугуна катышат

Кайык менен сүзүү боюнча Кыргыз курама командасы Чехияда өтө турган Дүйнө чемпиондугуна даярдык көрүп жатат. Бул тууралуу Жаштар иштери дене тарбия жана спорт агенттиги маалымдайт.

Маалыматка ылайык, кайык менен сүзүү боюнча Кыргыз курама командасы Чехияда 23-28-август аралыгында өтө турган Дүйнө чемпиондугунда ийгиликке жетүү үчүн, 14-31-июль аралыгында окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүп жатат.

Курама команданын тизмеси:

1. Игорь Дорофеев – эл аралык категориядагы спорт чебери;

2. Максим Бондарь – эл аралык категориядагы спорт чебери;

3. Александр Бондарь – эл аралык категориядагы спорт чебери;

4. Руслан Молтаев – эл аралык категориядагы спорт чебери;

5. Кирилл Бондарь – спорт чебери;

6. Тилек Сатыбалдиев – спорт чебери;

7. Елена Рыбалова – эмгек сиңирген спорт чебери;

8. Ал-Маджид Максутов – спорт чебери;

9. Мурат Сатыбалдиев – спорт чебери;

10. Максим Сердитов – спорт чебери;

11. Елизавета Буханцова – спорт чебери;

12. Эрлан Султангазиев – спорт чебери;

13. Анастасия Снопкова – спорт чебери;

14. Елена Буханцова – Ага машыктыруучу;

15. Олег Роганов – Башкы машыктыруучу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан